Мыйзамсыз мигранттарга 10-июнга чейин убакыт берилди. Документтерди иретке келтирүү жол-жобосу

Коом Загрузка... 23 Май 2025 17:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.05.25. /Кабар/. Ушул жылдын 10-июнуна чейин Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк мигранттар депортациясыз, айып пул төлөбөстөн Кыргызстандан өз ыктыяры менен чыгып кете алышат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, “Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу чаралары жөнүндө” президент Садыр Жапаров кол койгон жаңы жарлыкка ылайык, мыйзамсыз жүргөн мигранттарга укуктук абалын легалдаштыруу үчүн мөөнөт берилди.

Бул убакыт аралыгында керектүү документтерин өз эрки менен ырастаган чет өлкөлүк жарандар мыйзамда каралган жоопкерчиликтен бошотулат. Мындан улам Ички иштер министрлигине миграциялык мыйзамдарын бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү тапшырылды.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 21-майда мыйзамсыз миграцияга байланыштуу өткөргөн жыйында Кыргызстанда мыйзамсыз мигранттардын саны 5 миңге жакын экендиги айтылды. Маалымдалгандай, көптөгөн чет өлкөлүктөр өлкөгө мыйзамсыз кирип, турист же студент катары келип, бирок иштеп жатышат.

“Айрым учурда иш берүүчүлөр же окуу жайлары чет өлкөлүктөрдүн визаларын өз убагында узартып бербей, мыйзамсыз мигранттарды жумушка алып, миграциялык мыйзамдарды бузушат. Мунун натыйжасында, өлкөдө тартип бузган чет элдиктер көбөйүп жатат. Мыйзамсыз кирген мигранттар спирт ичимдиктерин жана баңги заттарын колдонуп, коомдук жайларда маданиятсыз жүрүшүп, жергиликтүү калктын каада-салтын жана маданиятын урматтабай жатышат. Бул өз кезегинде улуттар аралык конфликтерге жана коомдук тартиптин бузулушуна алып келиши мүмкүн”,- деди Ташиев.

Мыйзамсыз миграцияга байланыштуу кеңешмеде маалымдалгандай, Кыргызстанга жыл башынан бери 61 миң турист, 30 миң студент жана 12 миң эмгек мигранты расмий түрдө келген. Мындан тышкары, үй-бүлөлүк, кызматтык, диний ж.б. категорияларда 10 миңден ашык адам өлкөгө кирген.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 2025-жылга эмгек мигранттарына белгиленген квота 25 миң адамды түзөт. Ал эми 2024-жылы 17 миң 989 чет элдик жаран иштөөгө уруксат алган.

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн мигранттардын өлкө аймагында болушун мыйзамдаштыруу үчүн эмне кылуу керек экендигин билдирди:

- жарактуу паспортко ээ болуу;

- КР Тышкы иштер министрлигине (виза алуу үчүн), Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине (жашап турууга уруксат алуу үчүн) же “Кызмат” мамлекеттик ишканасынын Калкты тейлөө борборлоруна (каттоо эсебине коюу үчүн) кайрылуу керек;

- жашоого укук берүүчү документтерди (виза, бирдиктүү уруксат, каттоо, убактылуу жашап турууга уруксат) тариздөө үчүн негиздерди берүү (максаттарына жараша);

- ички иштер органдарынан (РИИБдин кайсы бөлүмүнөн болбосун) мыйзамдаштыруу үчүн тоскоолдук кылуучу материалдардын жоктугун ырастаган каттын болуусу абзел.

Жогоруда аталган документтерди тариздөө боюнча жол-жоболор өзгөрбөгөндүгүн белгилей кетүү маанилүү, демек арыз ээси кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн белгиленген тартипте кайрылат.

Ушуга байланыштуу, министрлик кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун ыңгайлуулугу үчүн өлкөнүн аймагында болууга укук берүүчү документтерди тариздөө боюнча жол-жоболор электрондук форматка өткөндүгүн эскертет:

– визаны же “Бирдиктүү уруксатты” тариздөө үчүн арызды “Электрондук виза” порталы аркылуу берүү зарыл (www.evisa.e-gov.kg).

– каттоо эсебине коюу үчүн – “Онлайн каттоо” порталы аркылуу (www.ereg.e-gov.kg).

Белгилей кетсек, Кыргызстанда акыркы жылдары Кытай, Бангладеш, Пакистан, Түркия, Индия жана Өзбекстандан келген эмгек мигранттары көбөйдү. Алардын көпчүлүгү курулуш, тейлөө жана тигүү цехтеринде иштешет.