Кыргызстанда мугалимдер электрондук журнал пайдаланууга өтөт

Коом 4 июль 2025 16:00
Кыргызстанда мугалимдер электрондук журнал пайдаланууга өтөт

Бишкек, 04.07.25. /Кабар/. 1-сентябрдан баштап мугалимдер электрондук журнал пайдаланышат. Бул тууралуу бүгүн агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен онлайн-кеңешмеде айтылды.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, ошондой эле ал билим берүү системасын бюрократиядан арылтуу максатында жасалып жаткан иштерге токтолду.

Жусупбекова мурда мугалимдер толтуруп келген класстык журнал жокко чыгарылганын, 2025-2026-окуу жылында мугалимдер "Мугалим" автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу электрондук журналды гана толтурушарын билдирди.