Жакынкы беш жылда спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүгө басым жасалат

Президент
Жакынкы беш жылда спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүгө басым жасалат
copyright icon WWW

Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда жакынкы беш жылда массалык спортту өнүктүрүү жана спортчуларды даярдоо үчүн заманбап, жеткиликтүү спорттук инфратүзүм түзүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Алдыдагы беш жылдыкка карата стратегиялык милдеттер жөнүндө” республикалык кеңешмеде билдирди.

Башкача айтканда, жарандардын спорт менен машыгуусуна жана активдүү жашоо образын кармануусуна шарт түзүлөт.

Мамлекет башчысынын айтымында, спорт шаарчасын курууга, аймактардагы спорттук объектилерди жаңылоого, ошондой эле улуттук, олимпиадалык жана олимпиадалык эмес спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Маалымат үчүн: массалык спорт — профессионалдык спортчулар үчүн гана эмес, жалпы калк үчүн жеткиликтүү болгон спорттук иш-чаралар жана дене тарбия көнүгүүлөрү.