Мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү уланууда

Министрлер кабинети 12 октябрь 2026 17:45
6accc1ac531bf-thumb.jpeg
6accc19023462-thumb.jpeg
6accc1c55f78d-thumb.jpeg
6accc1c606954-thumb.jpeg
6accc1a783133-thumb.jpeg
6accc1ad1c064-thumb.jpeg
6accc1b27a8c5-thumb.jpeg
6accc1b65eb23-thumb.jpeg
6accc1b624764-thumb.jpeg
6accc1bbb5dd3-thumb.jpeg
6accc1c14dac4-thumb.jpeg
6accc1c152084-thumb.jpeg
6accc19023462-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6accc1ac531bf-thumb.jpeg
6accc19023462-thumb.jpeg
6accc1c55f78d-thumb.jpeg
6accc1c606954-thumb.jpeg
6accc1a783133-thumb.jpeg
6accc1ad1c064-thumb.jpeg
6accc1b27a8c5-thumb.jpeg
6accc1b65eb23-thumb.jpeg
6accc1b624764-thumb.jpeg
6accc1bbb5dd3-thumb.jpeg
6accc1c14dac4-thumb.jpeg
6accc1c152084-thumb.jpeg
6accc19023462-thumb.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана аны бюрократиядан арылтууга багытталган реформаларды мындан ары ишке ашыруу жөнүндө” президенттин жарлыгынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө, санариптик кызматтарды өнүктүрүүгө, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жакшыртууга жана ашыкча административдик тоскоолдуктарды азайтууга багытталган бир катар демилгелер каралды.

Адылбек Касымалиев мамлекеттик башкаруу системасын бюрократиядан арылтуу боюнча иштерди улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, ашыкча бюрократиялык жол-жоболорду жана административдик тоскоолдуктарды жоюу боюнча мурда кабыл алынган чаралардын иш жүзүндө аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгына токтолду. 

Талкуунун жыйынтыгында Ведомстволор аралык комиссия тиешелүү демилгелерди жактырып, аларды ишке ашыруу боюнча кийинки кадамдарды аныктады.

Атап айтканда, төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

  • электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык тутумунун алкагында жумуштун аткарылгандыгын тастыктоочу электрондук сертификаттарды киргизүү жана кагаз түрүндөгү көчүрмөлөрдү талап кылууну жоюу, биометрикалык идентификация (FaceID) аркылуу электрондук санариптик кол тамгаларды аралыктан алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү, ошондой эле кызматтык сапарга чыгууга уруксат берүүнү электрондук форматта иштеп чыгуу тутумун, анын ичинде сапарга чыккан кызматкерлердин келүү жана кетүү фактыларын ырастоо системасын иштеп чыгуу;
  • "Электрондук нотариус" мобилдик тиркемеси аркылуу жеткиликтүү нотариалдык документтерди киргизүү жана паспорттун аныктыгын текшерүү боюнча ишенимдүү мамлекеттик маалымат кызматын иштеп чыгуу;
  • алардын ишине жана кайрылууларды багыттоо тартибине карата бирдиктүү талаптарды белгилөө аркылуу жарандардын кайрылууларын колл-борборлор, "ысык линиялар" жана кырдаалдык борборлор аркылуу борборлоштурулган тартипте иштеп чыгууга этап-этабы менен өтүүнү камсыз кылуу;
  • жарандардын суроо-талаптарын байланыш-борборлор, ишеним телефондору жана кырдаалдык борборлор аркылуу борборлоштурулган түрдө кароого этап-этабы менен өтүүнү камсыз кылуу, алардын ишмердүүлүгүнө жана суроо-талаптарды багыттоого бирдиктүү талаптарды белгилөө; 
  • секторун өнүктүрүү жана айрым микрокредиттик компанияларга карыздык баалуу кагаздарды чыгаруу укугун берүү маселелерин карап чыгуу, ошондой эле ислам каржылоосу жаатындагы айрым жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, анын ичинде кайра каттоо үчүн жыйымдарды жана өзгөрүүсүз калган документтерди кайра тапшыруу талабын жоюу;
  • мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөөнүн тобокелдикке негизделген бирдиктүү тутумуна (Smart Check) өтүүнү жана айрым соттук жол-жоболорду оптималдаштырууну камсыз кылуу. 

Кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу мамлекеттик башкарууну мындан ары жакшыртууга, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, мамлекеттин санариптик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө, административдик тоскоолдуктарды азайтууга, ошондой эле жарандар жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.