Кыргызстанда мамлекеттик кызмат орундарда аялдардын саны 28%ды түзөт

Коом Загрузка... 26 Февраль 2026 16:16
1280x817_0xFUkC1QKc_4899149542893392120.jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Учурда Кыргызстанда саясий мамлекеттик кызмат орундарында аялдардын үлүшү 28%ды, ал эми саясий муниципалдык кызматтарда 2,8%ды түзөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле мамлекеттик органдардагы административдик кызматтын жетекчи кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын 23%ын аялдар түзөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында болсо, жетекчи кызмат орундардын 42%ын аялдар ээлейт.

1

Кадрлар резервинде 627 талапкер бар. Алардын 95и аялдар. Бул жалпы талапкерлердин 15,7%ын түзөт:

  • республикалык маанидеги шаардын мэринин кызмат ордуна — 2;
  • жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын жана облустук маанидеги шаардын мэринин кызмат орундарына — 11;
  • жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басарынын, райондук маанидеги шаардын мэринин жана айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат орундарына — 68;
  • республикалык, облустук жана райондук маанидеги шаардын мэринин орун басарынын кызмат ордуна — 14.
WhatsApp_Image_ZzxeJzB.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров "Айрым жарлыктарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Бул документтин негизинде "2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программаны жана 2024–2027-жылдарга аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө" жана "Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө" жарлыктарына өзгөртүүлөр киргизилди.

Өзгөртүүлөргө ылайык, 2027-жылдын аягына карата бардык мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарында жетекчи кызмат орундарын ээлеген аялдар кеминде 20%ды түзүүсү шарт. Ал эми бул көрсөткүч 2030-жылы кеминде 30% болушу зарыл.

1049733333_0_0_2439_1373_1920x0_80_0_0_4b17e0aeb7ccbc21c4226a1fc3f15a75

Ошондой эле айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервин түзүүдө бир жыныстагы өкүлдөрдүн саны резервге киргизилүүчү талапкерлердин жалпы санынын 70 пайызынан ашпоого тийиш.

Жарлык кандай максатты көздөйт?

  • айрым саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөө үчүн кадрлар резервин түзүү;
  • мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасында аялдардын кеңири катышуусун камсыз кылуу;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрдык потенциалынын иштөөсүндө бирдей мүмкүнчүлүктөр жана адилеттүү атаандаштык принциптерин айкалыштыруу үчүн туруктуу жана институттук шарттарды түзүү.