Кыргызстанда мал экспортоого 6 айга тыюу салынды

Министрлер кабинети Загрузка... 09 Март 2026 17:45
krs.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинети айыл чарба жаныбарларын (ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди) Кыргызстандын аймагынан ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Чечимдин негизги максаты өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына базар бааларын турукташтыруу. 

Ага ылайык, төмөнкүлөрдү кошпогондо, ЕАЭБ ТЭИ ТН 0102 коду менен классификациялануучу ири мүйүздүү малды, ЕАЭБ ТЭИ ТН 0101 коду менен классификациялануучу жылкыларды, ЕАЭБ ТЭИ ТН 0104 коду менен классификациялануучу койлорду жана эчкилерди Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. 

Министрлер кабинетинин токтомун ишке ашырууга байланыштуу бир катар мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмалар берилди.