Кыргызстанда майыптыгы бар адамдар үчүн шайлоо күрөөсү азаят

Президент Загрузка... 19 Февраль 2025 19:48
2020-12-03_12-35-48_558489.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “КР президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамына кол койду.

Конституциялык мыйзам 2025-жылдын 29-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган конституциялык мыйзам КР Конституциялык сотунун 2023-жылдын 15-ноябрындагы чечимин ишке ашыруу, майыптыгы бар адамдар үчүн шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн азайтуу максатында кабыл алынган.
Конституциялык мыйзам менен “Кыргыз Республикасынын ррезидентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:
1) өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатына талапкер Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан төгөт;
2) бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутатына майыптыгы бар адамдар болуп саналган талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсү майыптыктын тобун эске алуу менен төмөнкүдөй белгиленет:
– III топтогу майыптарга – эсептик көрсөткүчтүн жети жүз эсе өлчөмүндө;
– I жана II топтогу майыптарга – эсептик көрсөткүчтүн беш жүз эсе өлчөмүндө.