Кыргызстанда майыптыгы бар 221 миңден ашык адам жашайт

Коом 14 октябрь 2026 11:10
Кыргызстанда майыптыгы бар 221 миңден ашык адам жашайт
copyright icon Кабар

Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Учурда Кыргызстанда майыптыгы бар 221 миңден ашык адам жашайт. Алардын 36 миңден ашыгы балдар. Бул тууралуу маалымат жыйынында Эмгек министрлигинин майыптыгы бар адамдар жана улгайган жарандар боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Назгүл Чолумова билдирди.

Анын айтымында, майыптыгы бар адамдар өлкөнүн жалпы калкынын болжол менен 3 пайызын түзөт.

Кыргызстанда жөлөк пул алуучулардын арасында майыптыгынын II тобу бар адамдар басымдуулук кылат.