Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. 2026-жылдын январь-апрелинде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү алтынды эсепке албаганда болжол менен 299 млрд сомду түзүп, 14,7%га көбөйдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев металл конструкцияларды өндүрүүчү жаңы заводдун курулушунун башталышына арналган иш-чарада билдирди.
Данияр Амангелдиев белгилегендей, учурда курулуш сектору рекорддук темптерди көрсөтүүдө.
“Курулуш материалдарынын өндүрүшү 39,3%га өскөн, бул металл конструкцияларга туруктуу ички суроо-талапты түзүүдө", - деп айтты ал.
Белгилей кетсек, алдын ала баалоо боюнча, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ИДПсы 11,1%га көбөйүп, 1 трлн 976 млрд сомду түздү.
Өнөр жай продукциясынын көлөмү дээрлик 800 млрд сомго жетип, 10,6%га өскөнүн көрсөттү. Ошол эле учурда кайра иштетүү өнөр жайынын үлүшү дээрлик 80%ды түзгөн.