Кыргызстанда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык Загрузка... 12 Сентябрь 2025 14:11
zher-titiroo.jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.09.25. /Кабар/. Кыргызстанда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 13:57де катталган жер титирөөнүн очогу Бишкек шаарынан 20 чакырым түштүк-чыгышта, Тоолуу Маевка айылынан 5 чакырым түндүк-батышта, Арашан айылынан 8 чакырым түндүк-чыгышта, Төмөнкү Серафимовка айылынан 11 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү очогунда 4,5 баллга жеткен. Ал эми Бишкек шаарында, Арашан, Төмөнкү Серафимовка, Тоолуу Маевка айылдарында зилзаланын күчү 4 баллга чейин сезилген.