Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Бишкекте "Үй-бүлөнү пландаштыруу 2030" консультативдик кеңешинин жылдык отуруму өтүп, репродуктивдик саламаттыкты сактоо жаатындагы улуттук милдеттенмелердин аткарылышы каралды.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, отурумда төрөттөн жана боюнан алдыруудан кийинки үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча колдонмону иштеп чыгуу, контрацептивдерди эсепке алуу системасын жакшыртуу, жаштар менен иштөө жана өзгөчө кырдаалдарга даярдык маселелери талкууланды.
"2026-жылы мамлекеттик бюджеттен спираль жана импланттарды сатып алууга 12,5 млн сом бөлүнгөн. Ошондой эле мамлекеттик каржылоону 2030-жылга чейин этап-этабы менен көбөйтүү боюнча план иштелип чыккан", - деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыгында аймактарда кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, жеткирүү системасын жакшыртууга жана жүргүзүлүп жаткан иштерге мониторингди күчөтүүгө басым жасоо чечими кабыл алынды.