Үй-бүлөсүн пландаштырып, кош бойлуулукка алдын ала даярдык көргөн жуптардын балдары физикалык жана психикалык жактан тезирээк өнүгүп, ден соолугу бекем боло турганын дүйнөлүк окумуштуулар көп ирет далилдешкен.
Үй-бүлөнү пландаштыруу — бул жуптардын ден соолугуна, баланын өнүгүшүнө жана коомдун бакубаттыгына чоң таасир этүүчү маанилүү кадам. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму төрөттөрдүн ортосундагы аралыкты 18–24 айдан кем кылбоону сунуштайт. Бул эне организминин толук калыбына келүүгө шарт түзүп, баланын ден соолугуна оң таасир берет.
Ошондой эле, үй-бүлөнү пландаштыруу аялдардын билим алуу жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет, бул болсо үй-бүлөнүн экономикалык туруктуулугуна жана балдардын келечегине өбөлгө түзөт. Үй-бүлөнү пландаштыруу — бул ден соолукту сактоо, билим берүү жана экономикалык өнүгүүнүн негизги фактору болуп саналат.

Кыргызстандагы үй-бүлөнү пландаштыруу альянсынын жетекчиси Бактыгүл Бозгорпоеванын айтымында, үй-бүлөнү пландаштыруу 4 эрежени камтыйт:
- Бала күтүлгөн жана каалаган кош бойлуулуктан жаралышы керек.
- Үй-бүлөдөгү балдардын ортосу жок дегенде 2,5 жыл болушу керек.
- Балалуу болууну жуптар сүйлөшүп, макулдашып чечиши керек.
- Бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуу керек.
“Үй-бүлөнү пландаштыруу өтө маанилүү. Анткени, пландаштыруунун энелердин өлүмүнө түздөн-түз таасири бар. Кыргызстандагы көпчүлүк аялдардын ден соолугу начар, тамактануусу толук кандуу жана рационалдуу эмес. Болбоду дегенде аз кандуулуктан жабыркашат. Контрацепция тууралуу билбегендиктен же шарты жоктугуна байланыштуу кош бойлуулуктан сактанышпайт. Бир жылда эки жолу төрөгөн аялдар да бар.

Мисалы, жылдын башында төрөсө, бир-эки айдан кийин эле кайра боюна бүтүп, декабрда экинчи баласын төрөйт. Мындайда, эмчектеги бала дагы, боюна бүткөн эне да жана курсактагы түйүлдүк дагы жабыркайт. Үчөөнүн тең ден- соолугу начар болот. Себеби, эмчектеги бала аз эле убакыт сүт эмди, энесинин сүтүнүн сапаты начар, анткени витамин жана микроэлементтерди курсактагы балага жумшайт. Бирок ага деле жарытып бере албайт. Жыйынтыгында үчөө тең кыйналышат.
Үй-бүлөнү пландаштыруу бул аз балалуу болгула дегендик эмес. Болгону кош бойлуулуктун арасындагы аралыкты сактап, бала жана эненин ден соолугуна кам көрүү дегендик. Медицинада кош бойлуулук, жана төрөт үчүн эң ыңгайлуу жана коопсуз жаш курак 19дан 45 жашка чейинки мезгил аралык деп айтылат. Эсептеп көрсөк, 19 жылда 5-6 балалуу болгонго жетишесиң”,-деди ал.
Бозгорпоева белгилегендей, Орто Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан өспүрүм арасындагы төрөт боюнча 3-орунда турат. Мындай көрсөткүч өспүрүмдөрдүн бул жаатта маалымдуулугунун жоктугунан кабар берет. Бул боюнча мамлекет тарабынан көйгөйлөрдү алдын алуу максатында, атайын медициналык борборлорду куруу керек. Ошондой эле санариптештирүү доорунда жашап жаткандыктан, өспүрүмдөр үчүн атайын тиркеме да иштеп чыгуу ашыкчалык кылбайт. Себеби, өспүрүм курак үй-бүлө курууга ылайыктуу эмес.

“Өспүрүм кез бала 11 жашка чыкканда башталып, 18 жашына чейин созулат. 13төн 16 жашка чейинки кош бойлуулукту өспүрүм курактагы кош бойлуулук деп коюшат. Бул мезгил аралыкта кош бойлуу болуп калган өспүрүм кыздын жана наристенин ден соолугу жана өмүрү үчүн чоң коркунуч пайда болот. Кош бойлуулук жана төрөт жетилген аял үчүн деле физиологиялык жана психологиялык жактан өтө оор процесс. Өспүрүм курактагы кыздардын организми кош бойлуулукка такыр даяр эмес болгондуктан, алты саны аман баланын төрөлүшү да күмөн. Ата-эне балдарынын жыныстык жетилүүсүнө чейин жыныстык катнаш деген эмне, коопсуз жыныстык катнаш, сактануу каражаттары тууралуу айтып берүүсү жана эч ким алардын денесине кол тийгизүүгө акысы жок экенин түшүндүрүүсү керек. Бирок, тилекке каршы биз “Эл эмне дейт” деген принцип менен жашап келебиз. Кийинки кезекте биздин менталитет. Биздин менталитетте ата-эне менен баланын жыныстык катнаш тууралуу сүйлөшүү өтө чоң уят. Бирок ата-эне балага жыныстык катнаш тууралуу айтпай койсо эле, бала ал нерсеге кызыкпай калбайт. Ал тескерисинче интернеттен туура эмес маалыматтарды ала баштайт.
Биз мектептерде, окуу жайларда өспүрүмдөрдүн маалымдуулугун жогорулатуу максатында атайын предмет киргизүүбүз керек. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, мектепте “Адам” сабагын баарыбыз окуганбыз. Бирок, ошол сабакты окутуп жатып дагы мугалимдер көп нерсени айтуудан уялып, өспүрүмдөргө маалымат жакшы берилбей келет. Ушул жерде баса белгилей кетүүчү нерсе, өспүрүм дегенде эле кыздар деп түшүнүү керек эмес. Алардын катарында ошол эркек балдар дагы бар. Алар да туура эмес жолдордо жүрүп нечендеген ооруларды жуктуруп жатышат. Ата-эненин бала менен бул темада сүйлөшүүсү үчүн адегенде, ата-энелер үчүн атайын борбор курушубуз керек. Биз бул жаатта мамлекеттин колдоосуна муктажбыз. Дени-сак өлкөгө айланыш үчүн, алгач өзүбүз кадам ташташыбыз керек”,-деди ал.
Жыйынтыктап айтканда үй-бүлөнү пландаштыруу жубайларга энеликке жана аталыкка даярданууга, төрөлө элек баланын ден-соолугун камсыз кылууга, жубайларга көбүрөөк маалыматтуу чечим кабыл алууга жана бактылуу, дени сак үй-бүлө курууга мүмкүндүк берет.