Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Алжирде Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Мухаммед Аль-Джассер менен жолугушту. Жолугушуу ИӨБдүн Башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйынынын алкагында өттү.
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен ИӨБдүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Данияр Амангелдиев өлкөнүн экономикасы акырындык менен өсүп жатканын жана эл аралык рейтинг агенттиктери Moody’s жана S&P тарабынан “Туруктуу+” баа берилгенин белгиледи.
Ошондой эле CASA-1000 энергетикалык долбоору аркылуу ИӨБ менен ийгиликтүү тажрыйбасын айтты. Данияр Амангелдиев белгилегендей, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу Кыргызстан үчүн эң актуалдуу жана артыкчылыктуу долбоорлордун бири болуп саналат. Ал учурда даярдык иштерин каржылоо өз каражаттарынын эсебинен, ал эми техникалык-экономикалык негиздемени актуалдаштыруу жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоону иштеп чыгуу боюнча иштер графикке ылайык жүргүзүлүп жатканын жана 2025-жылдын май айынын аягына чейин бүткөрүлө турганын билдирди. Бул ири долбоорго даярдык иштери пландуу жүрүп жатат жана 2025-жылдын май айында техникалык-экономикалык негиздеме даяр болот.
Мындан сырткары, сүйлөшүүдө 2024-жылы Кыргызстан менен ИӨБ кол койгон жеткиликтүү турак жай долбоору тууралуу да сөз болду. Долбоордун алкагында 79 миллион доллар бөлүнгөн жана азыр ал үчүн жер бөлүү иштери жүрүүдө.
Данияр Амангелдиев ИӨБ менен бирге иш алып баруу үчүн атайын техникалык топ түзүү сунушун колдоду. Бул топ долбоорлорду тез жана натыйжалуу ишке ашырууга жардам берет.
Өз кезегинде ИӨБ президенти Мухаммед Аль-Джассер Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташууга кызыктар экенин айтып, өлкөнүн социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.