Кыргызстанда ишкердикти жаңы баштагандар үчүн бардык шарттар бар – адис

Коом 14 октябрь 2026 16:05
Кыргызстанда ишкердикти жаңы баштагандар үчүн бардык шарттар бар – адис
copyright icon WWW

Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда ишкердикти жаңы баштап жаткандар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн "Замана" студиясынын эфиринде Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков салыктык реформалар, ак ниет салык төлөөчүлөрдү колдоо жана ишкердик чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөр тууралуу айтып берип жатып билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, ак ниет салык төлөөчүлөр мамлекет тарабынан коргоого алынат, ал эми салык мыйзамдарын атайылап бузган ишкерлерге карата тиешелүү чаралар көрүлөт.

Кубанычбек Ысабеков Салык кызматы ак ниет ишкерлер менен өнөктөштүктө иштөөгө дайыма даяр экенин белгиледи. Ошондой эле салык милдеттенмелерин аткаруудан качуу, салыктарды төлөбөй ишмердүүлүгүн улантуу жана жоопкерчиликтен качуу максатында бир ишкананы жаап, экинчисин ачуу сыяктуу көрүнүштөргө жол берилбей турганын баса белгиледи.

"Салык кызматы ак ниет ишкерлер менен өнөктөштүктө иштөөгө дайыма даяр. Бардык ишкерлер мыйзамда белгиленген салык милдеттенмелерин аткарууга тийиш. Салык төлөөдөн качпай, тааныш-билишке же мыйзамсыз макулдашууларга таянбай, өз ишин мыйзам чегинде жүргүзүшү зарыл", - деди ал.

Мындан тышкары, ишкердикти жаңы баштап жаткан жарандар үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, салыктык жол-жоболорду санариптештирүү ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана адам факторун азайтууга мүмкүндүк берди.

Ысабеков салык системасын санариптештирүү ишкерлер жана салык төлөөчүлөр үчүн маанилүү экенин белгилеп, Салык кызматынын негизги максаты мыйзамдарды так сактаган ишкерлерди колдоо жана салыктык тартипти камсыз кылуу экенин айтты.