Кыргызстанда Германиянын 60 туроператору катышкан туризм форуму өтөт

Экономика Загрузка... 07 Март 2025 13:02
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Кыргызстанда Германиянын 60 туроператору катышкан DRV Destination туризм форуму өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти 5-мартта Берлинде өткөн ITB-2025 эл аралык туристтик көргөзмөсүндө билдирди.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлүп, немис туроператорлору менен түз байланышты бекемдөө мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Форум КР Экономика министрлиги менен Германиянын эң ири Deutsche Reiseverband (DRV) туроператорлор ассоциациясынын ортосунда кол коюлган кызматташуу жана стратегиялык өнөктөштүк тууралуу меморандумдун алкагында өткөрүлөт. Меморандум 2024-жылдын 25-27-ноябрында президент Садыр Жапаровдун Германияга расмий сапары учурунда түзүлгөн.

Туризм департаменти менен Deutsche Reiseverband (DRV) ассоциациясы кызматташтык тууралуу келишимге кол койгонун да белгилеп кетүү керек. Бул келишим Кыргызстан менен Германиянын туристтик индустриясынын байланышын дагы бекемдеп, өлкөнүн эл аралык туристтик рынокто ордун чыңдоого көмөкчү болот.