Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВди көзөмөлдөө борборунда боор ооруларын алгачкы стадиясында аныктоо жана боор рагын алдын алуу максатында Фиброэластография кабинети иштей баштады.
Ведомстводон билдиришкендей, кабинет заманбап FibroScan аппараты менен жабдылган, ал боордун абалын ооруксунтпай аныктоого мүмкүндүк берет. Хирургиялык процедура деп эсептелген биопсиядан айырмаланып, фиброэластография аз убакытты талап кылат жана боордогу патологиялык өзгөрүүлөрдү аныктоого жана так диагноз коюуга мүмкүндүк берет.
Глобалдык фонддун колдоосу менен борбор үч фиброскан аппаратын жана үч УЗИ аппаратын алган.
Белгилей кетсек, боордун фиброэластография кабинети 10-февралдан баштап бейтаптарды кабыл ала баштады. Бүгүнкү күнгө чейин 156 бейтап текшерүүдөн өттү.
Текшерүүдөн өтүүгө кантип даярдануу керек?
Бир сутка мурун ичегиде газды пайда кылган тамактардан (сүт азыктары, буурчак, кондитердик азыктар, кара нан) баш тартыңыз.
Текшерүү ач карын же тамактангандан кийин 4-6 сааттан кийин жүргүзүлөт.
Кайсыл жерден жана качан анализ тапшырсам болот?
Логвиненко, 8 дарегинде жайгашкан Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВди көзөмөлдөө борбору
Текшерүү акысыз, Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгеринин жолдомосу менен гана кабыл алынат.
Иш убактысы: дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү 8:30дан 12:00гө чейин.
Байланыш телефондору: 0312 300 754