Баткенде боор ооруларын аныктоочу аппарат иштеп баштады

1268 27 Январь 2025 12:22
475089954_1153472232812897_6693295019793692296_n.jpg
475138004_1153472229479564_5599020179231080379_n.jpg
Алдыга
Артка
475089954_1153472232812897_6693295019793692296_n.jpg
475138004_1153472229479564_5599020179231080379_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык ооруканасында фиброскан аппараты иштеп баштады.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган жабдык республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынган.

Фибраскон - боордун абалын баалоо үчүн колдонулган медициналык аппарат. Бул аппарат боордун жумшактыгын же катуулугун өлчөө аркылуу боордун абалы жөнүндө маалымат берет. Ал боор фиброзу, майлуу боор оорулары жана башка боор ооруларын аныктоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн колдонулат.

Буга чейин Баткен облусунун жарандары аталган аппараттын жоктугунан Ош шаарына барып кароодон өтүп турган.

Белгилей кетсек, Баткен облусу боюнча 2500дөн ашуун адам кан аркылуу жугуучу гепатиттин B,C,D түрү менен жабыркап, каттоодо турат.