Кыргызстанда бир жумада 24,6 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Загрузка... 10 Февраль 2025 11:36
F4ADDF3F-546B-4DC4-8F9E-4601DE6DB831.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Кыргызстанда 3-февралдан 9-февралга чейин алдын ала маалымат боюнча, 24 миң 619 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 658;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 324;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 227;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 327;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 826;
- авто ээнбаштык – 15;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 794;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 6;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 716;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 726  авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.