Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Кыргызстанда 17-февралдан 23-февралга чейинки бир жума аралыгында 518 мас айдоочу кармалды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 844;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу - 518;
- унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 119;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 233;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4084;
- авто ээнбаштык -12;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4200;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 8;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары –14 786;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3322 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.