Өлкөдө беш жылда өрттөн 248 адам каза болгон

Кырсык Загрузка... 18 Декабрь 2025 12:37
1.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. Кыргызстанда өрт – эң көп катталган жана адам өмүрүнө коркунуч жараткан кырсыктардын бири бойдон калууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, акыркы беш жыл ичинде 18 миң 693 өрт катталып, 248 адам каза болгон.

Ошондой эле бул мезгил аралыгында 300дөн ашык табигый кырсык катталып, анын кесепетинен жалпы 3 171 адам каза болду.