Кыргызстанда Азербайжандын маданият күндөрү өтөт

Маданият 2512 27 Февраль 2025 10:24
azerbaijan-culture6.jpg
481288297_940112031613887_1101478782972445547_n.jpg
481911161_940111964947227_8130591221942467139_n.jpg
Алдыга
Артка
azerbaijan-culture6.jpg
481288297_940112031613887_1101478782972445547_n.jpg
481911161_940111964947227_8130591221942467139_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Күн мурун Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев Азербайжандын маданият министринин кеңешчиси Олег Амирбеев менен жолукту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда тараптар 2025-жылдын апрель айына пландалган Азербайжан Республикасынын маданият күндөрүн Кыргызстанда өткөрүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле, эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү жана чыңдоо маселелери боюнча сөз болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ынтымакташтыкты мындан ары да чыңдоого жана өнүктүрүүгө өз ара даяр экендигин белгилешти.