Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Кыргызстанда ашыкча салмак менен жабыркаган эркектер көбөйүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Гүлназ Ажымамбетова “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.
Анын айтымында, бардык кайрылган эркектердин 50 пайыздан ашыгынын салмагы жогору деп аныкталган.
“Азыр февраль айында республика боюнча министрликтин демилгеси менен эркектердин ден соолугун чыңдоого багытталган “Жооптуу бол!” бир айлыгы өтүп жатат. Анда аныкталгандай, ашыкча салмак саламаттыкты сактоо тармагында жугуштуу эмес ооруларды пайда кылуучу чоң факторлордун бири болуп саналат.
Бир айлыкта мырзалар баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелерине, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна, үй-бүлөлүк медицина борборлоруна жана ФАПтарга барып дарыгерлерге кайрылса болот. Жугуштуу эмес оорулардын алдын алууга, башкача айтканда, скринингден өтүүгө бардык мырзаларды чакырып кетмекчибиз.
Жалпы 973кө жакын эркек камтыса бул 52 пайызды түзүп, алардын ичинен 119 миң мырзанын кан басымы жогорку деп табылган. Алардын ичинен 11 миңге жакын эркектин кан басымы жогору экени биринчи болуп аныкталган”, - деди Ажымамбетова.
Белгилүү болгондой, бул скринингден тамеки чегүү, ичимдик ичүү сыяктуу физикалык активдүүлүк факторлорунун бардыгы аныкталары маалым болду.