Кыргызстанда апрелде күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт

Спорт 19 февраль 2026 09:40
Кыргызстанда апрелде күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) сайтындагы маалыматта айтылат.

Ага ылайык, борбор калаада балбандар 6-12-апрель күндөрү таймашат.

Мелдештерде жалпысынан медалдардын 24 топтому ойнотулат.

Белгилей кетсек, Бишкекте буга чейин чоңдор арасында Азия чемпионаты үч ирет - 2007, 2018 жана 2024-жылдары өткөн.