Кыргызстанда алгачкы ирет Grammy коучунун дүйнөлүк вокалдык долбоору өтөт

Маданият Загрузка... 18 Март 2025 13:15
WhatsApp_Image_2025_2E8AT09.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. 1-2-апрель күндөрү Бишкекте дүйнөлүк жылдыздардын вокалдык коучу, GRAMMY академиясынын мүчөсү жана GrammyU ментору Карина Купердин уникалдуу эки күндүк мастер-классы өтөт.

Маданият министрлигин маалыматына ылайык, мастер класс Кыргыз улуттук "Манас" театрында саат 11:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Карина Купер – дүйнө жүзү боюнча 50 000ден ашуун окуучуну окуткан, Tom Jones, Eric Benet, Dave Koz сыяктуу атактуу артисттер менен иштеген вокалдык коуч. Ал Jennifer Lopez, Celine Dion, Beyoncé, Lady Gaga, Miley Cyrus сыяктуу жылдыздардын мугалимдеринен билим алган.

Мастер-класстын программасы:

Вокалдык остеопатия – үн менен иштөө боюнча революциялык ыкма;

Дем алуу илими – Биофоника – үн көзөмөлдөө жана өнүктүрүү техникасы.

Бул мастер-класс артисттер, вокалисттер, актерлор, теле- жана радиожурналисттер, педагогдор жана үнүн жаңы деңгээлге чыгаргысы келгендер үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.

Катышуу үчүн байланыш номери: 0777 977 888, орундар чектелүү.

Уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Кыргызстандагы Карина Купер ыкмасынын расмий өкүлү – Виктория Кочкорбаева