Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, температура төмөндөйт

Коом 2 октябрь 2026 12:00
Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, температура төмөндөйт
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, температура төмөндөйт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 4-октябрда күндүн экинчи жарымында жана 5-октябрда өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланат, ал эми бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн. Айрым аймактарда жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрден, айрым жерлерде 15–20 метрге, ал эми Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 19–24 метрге чейин күчөшү күтүлөт.

5-октябрда күндүз жана 6-октябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт:

  • Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн +3…+8°, күндүз +9…+14°;
  • Талас өрөөнүндө: түнкүсүн +1…+6°, күндүз +9…+14°;
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө: түнкүсүн +5…+10°, күндүз +16…+21°;
  • Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында: түнкүсүн +1…+6°, күндүз +11…+16°;
  • Тоолуу райондордо: түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз +1…+6° жылуу;
  • Бийик тоолуу райондордо: түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз -1° сууктан +4° жылуулукка чейин болот.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа каттамын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатып, жайыттарда мал багууну татаалдаштырат.