Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. 5-октябрда Бишкектеги мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлери онлайн форматта иштешет. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирет.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Бишкек шаарында транспорт инфраструктурасынын жүгүн азайтууну камсыз кылуу, маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, ошондой эле Мугалимдердин дүйнөлү күнүн майрамдоого жана "Бишкек Арена" улуттук стадионунун салтанаттуу ачылышына байланыштуу, КР Конституциясынын 66, 71, 89-беренелерине ылайык чечим кабыл алынды:
- 2026-жылдын 5-октябры Бишкек шаарында мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин (ишканалардын) кызматкерлери, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан, башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүү (жалпы билим берүүчү мектептер), башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын кызматкерлери үчүн орточо күндүк эмгек акыны сактап, маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларын (онлайн-форматты) колдонуу менен аралыктан иштөөчү жумуш күнү деп эсептелсин.
- Бул тескеменин 1-пункту мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, медициналык уюмдардын жана объекттердин, ошондой эле шаардын коммуналдык инфраструктурасынын үзгүлтүксүз иштешин жана жашоо-тиричилигин камсыз кылуучу уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлерине жайылтылбайт.
- Агартуу министрлиги, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги ушул тескемеден келип чыгуучу чараларды көрсүн.
- Бул тескеменин аткарылышын контролдоо президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.