Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. 2023-жылдын март айынан бери мас абалында унаа башкарган 17 миң 928 айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылдын 8-мартынан тартып спирт ичимдигин ичип алып унаа башкарган айдоочуларга берилүүчү жаза 17 миң 500 сом айып пул салуудан бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратуу беренеси менен алмашылып, анын алкагында бүгүнкү күнгө чейин өлкө боюнча 17 миң 928 мас абалында унаа башкарган айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылган.
"Азыркы учурда бул боюнча да тийиштүү мыйзам долбоору иштелип чыгып, мас абалында унаа башкаргандарга жазанын түрү эки жылга, ал эми жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин кайталап жасаса төрт жылга унаа башкаруу укугунан ажыратуу сунушталууда", - деди ал.