Кыргызстан жаңы айдоочулук күбөлүккө өтүүдө

Министрлер кабинети Загрузка... 04 Декабрь 2025 13:00
istock-1373123154_193.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Министрлер кабинети Кыргызстандын 2025-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүн киргизүү маселелери боюнча токтом кабыл алды.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Бул документ менен Кыргызстандын 2025-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн сүрөттөлүшү жана 2025-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн үлгүсү бекитилди. 2019-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүн берүү бул айдоочулук күбөлүктөрдүн бланктары аяктаганга чейин жүргүзүлө тургандыгы белгиленди. 

Президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси Кыргызстандын 2025-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүн персонификациялоого ыйгарым укуктуу. Тышкы иштер министрлигине чет мамлекеттерди Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын 2025-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн киргизилиши тууралуу маалымдоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырылды.