Кыргызстан жашыл энергетиканы өнүктүрүп, инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүүдө - Орозбаев

Маек Загрузка... 30 Июль 2025 16:30
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Дүйнө жүзүндө жашыл экономикага өтүү — климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүүнүн жана туруктуу өнүгүүнүн башкы багытына айланууда. Кыргызстан үчүн да жашыл экономика приоритеттүү тармак катары тандалып алынып, акыркы жылдары бул багытка өзгөчө көңүл бурулууда. Алдыда “Кабар” агенттигине министрлер кабинетине караштуу “Жашыл энергетика фонду” мамлекеттик мекемесинин директору Эмилбек Орозбаев аталган тармакта жасалып жаткан жигердүү иштер тууралуу айтып берет.

Өлкөнүн жашыл экономикасы кандай өнүгүп жатат?

Кыргызстанда жашыл экономика абдан жакшы өнүгүүдө. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдын ноябрь айында бул тармакты өнүктүрүү максатында Жашыл энергетика фонду түзүлгөн. Фонддун негизги ишмердүүлүгү ушул багытка арналып, өлкөгө инвестиция тартуу иштерине байланышкан. Башкы милдети – ички жана тышкы инвесторлорго энергиянын кайра жаралуучу булактарын курууга жер тилкелерин бөлүп берүү жана мамлекеттик кепилдик берүүчү болуп саналат.

Ал эми өлкөдө жашыл энергетиканын кандай өнүгүүдө? Учурда кандай долбоорлор ишке ашырылып жатат?

Бүгүнкү күндө жашыл энергетиканын бардык эле багыттарына жакшы көңүл бурулууда. Айрыкча, кичи ГЭСтерди, күн жана шамал станцияларын курууга басым жасалууда. Азыркы тапта фонд тарабынан кичи ГЭСтерди курууга 45 жер тилкеси бөлүнүп, айрымдары ишке берилди. Аны куруунун өзү өтө татаал процесс болгондуктан, бир же эки жылдык убакытты талап кылат. Ал эми күн станцияларына 15 жана ошондой эле шамал станциаларына бир жер тилкеси бөлүнүп берилди. Ошондой эле Вьетнамдык компания менен түзүлгөн келишимдердин негизинде аларга жер тилкеси берилип, инвестициалык келишимге кол коюлду. Россия Федерациясынын “Росатом” корпарациясы менен күн жана шамал станциясын куруу боюнча долбоордун үстүнөн иштеп жатабыз. Учурда жабдыктар келип, курулуш иштери старт алганы турат.

Фонддун түзүлүшү менен инвесторлорго кандай жеңилдиктер түзүлдү? Алар менен иштешүү жагы кандай болууда?

2023-жылдын 23-мартында президенттин жарлыгы чыккан. Мурун бизге келген сырткы жана ички инвесторлор кайсы бир энергиянын кайра жаралуучу булактарын кура турган болсо, ал жергиликтүү бийликке, токой чарбасына, айыл өкмөткө кайрылып, керектүү уруксат кагаздарын чогултуу менен алек болчу. Азыр ортодо жасала турган процедуралардын бардыгы бир мекемеге бириктирилип, инвесторлордун иши жеңилдетилген. Атап айтканда, Жарлыктын негизинде азыр инвесторлор түз эле биздин фондго кайрылуу менен ишин бүтүрө алышат. Кичи ГЭСтерди курууга 95% өзүбүздүн ички инвесторлор салым кошуп жатышат. Калган эки тармакта сырттан келген инвесторлор иш алып барууда.

Жашыл экономика Кыргызстан үчүн экономикалык өсүштүн башкы багыты боло алабы?

Бизде энергетика тармагында таңкыстыгы бар болгондуктан, аны жоюу максатында 2026-жылдын аягына чейин өзгөчө режим абалы киргизилген. Андан чыгуу максатында 2027-жылы өлкөнү электр энергиясын экспорттой ала турган деңгээлге жеткирүү аракети көрүлүүдө. Азыркы тапта жасалып жаткан ар бир кадам - өлкөнү суу башында туруп электр энергиясын импорттобой экспорттой турган мамлекетке айландыралы деген максат менен жасалууда.