Кыргызстан жарандыгын алгандардын көбү этникалык кыргыздар

Президент 22 сентябрь 2025 17:35
Кыргызстан жарандыгын алгандардын көбү этникалык кыргыздар

Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. Кыргызстандын президентинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө жарлыктарына кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын жарандыгын алгандардын басымдуу бөлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирип жаткандар түзөт.