Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Биз Кыргызстан жана Тажикстан элдеринин этностук жана тилдик өзгөчөлүгүн сактоого көмөк көрсөтөбүз, деп билдирди Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында.
Анын айтымында, ошондой эле тараптар Тажикстандын аймагында жашаган этникалык кыргыздарга жана Кыргызстандын аймагында жашаган этникалык тажиктерге, коомдук бирикмелердин жана улуттук маданий борборлордун ишмердүүлүгүнө алардын эне тилин, улуттук маданиятын, каада-салттарын жана үрп-адаттарын сактоо жана өнүктүрүү контекстинде жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтөт.
“Гуманитардык чөйрөдө кызматташууну ырааттуу кеңейтүү зарылдыгын белгилейбиз.
Бул багытта маданият, билим берүү, илим, спорт, туризм жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө байланыштар бекемделип, жалпыга маалымдоо каражаттары, илимий-аналитикалык уюмдар, достук коомдору, көркөм жана театралдык жамааттар аркылуу делегациялар менен алмашуу активдешет”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.