Кыргызстан жана Казакстан президенттери Бишкектеги Кемел Токаев атындагы мектепке барышты

Президент 1248 23 Август 2025 09:00
536270400_1317670190367612_4746160106682000461_n (1).jpg
536276517_1317670717034226_463202720157170774_n.jpg
536269888_1317670533700911_7539077346876409221_n.jpg
536439877_1317670467034251_3177666276922667084_n.jpg
536268343_1317670397034258_7445868955835072469_n.jpg
536268129_1317670280367603_5699735837215966317_n.jpg
536289708_1317670193700945_930274795417635819_n.jpg
536275032_1317670230367608_1294703000817260306_n.jpg
538280582_1317670447034253_7614898146187956622_n.jpg
536285064_1317670517034246_294423062413513635_n.jpg
536277355_1317670243700940_2951933478583139064_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 23.08.25. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 22-августта Бишкектеги Кемел Токаев атындагы № 33 орто мектеп-гимназиясына барышты.

Билим берүү мекемеси 1940-жылы негизделген. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында имараты мотоаткычтар окуу жайы жана аскердик госпиталь катары пайдаланылган. Анын бүтүрүүчүлөрүнүн арасында согуштун катышуучулары, анын ичинде Улуу Ата Мекендик согуштун I жана II даражадагы ордендеринин кавалери, жазуучу Кемел Токаев бар.

1947-жылдын 1-сентябрында мектеп өз ишин жандандырган. 2012-жылы ал “мектеп-гимназия” макамын алган.
2025-жылдын майында президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен мектеп-гимназияга Кемел Токаевдин ысымы ыйгарылган.

Бүгүн № 33 мектеп-гимназиясы Бишкектеги эң мыкты он билим берүү мекемесинин катарына кирет.

Кыдыруу учурунда мамлекет башчылар мектептин имаратын жана Кемел Токаевге арналган маалымат бурчун көрүп чыгышты.

Андан соң лидерлерге буга чейин Казакстандын президенти белек кылган окуучулар үчүн автобусту көрсөтүштү.

Мындан тышкары президенттер мектеп-гимназиянын жамааты жана окуучулары менен баарлашышты.

Соңунда Президент Касым-Жомарт Токаев окуучуларга окуудагы ийгиликтерди каалап, мектеп келечектеги лидерлерди жана татыктуу адистерди тарбиялап чыгарат деген үмүтүн билдирди.