Кыргызстан жана Катар: Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны Бишкекте өтөт

Министрлер кабинети 22 Декабрь 2025 20:55
69493cc2d2e0a.jpeg
69493cc19a251.jpeg
69493cc192044.jpeg
69493cbd2118c.jpeg
Алдыга
Артка
69493cc2d2e0a.jpeg
69493cc19a251.jpeg
69493cc192044.jpeg
69493cbd2118c.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 22.12.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Катардын Кыргызстандагы элчиси Али Жабер Аль-Марри менен жолукту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун ар кандай багыттары боюнча кыргыз-катар күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Анда негизинен, 2026-жылы Бишкек шаарында боло турган Экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык боюнча Кыргыз–Катар өкмөттөр аралык комиссиянын 2-жыйынын өткөрүүнүн жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиленди. 

Минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катарлык инвесторлорго Кыргыз Республикасында өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууда зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. 

Өз кезегинде элчи Али Жабер Аль-Марри кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашырууну колдой турганын жана ар тараптуу кызматташууга кызыкдар экенин ырастады.