Кыргызстан менен БУУ-Аялдар түзүмүнүн ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды

Коом Жүктөлүүдө... 12 Февраль 2025 10:20
WhatsApp Image 2025-02-11 at 15.53.45.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-11 at 15.53.55.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-11 at 15.53.33.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-02-11 at 15.53.45.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-11 at 15.53.55.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-11 at 15.53.33.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун - Аялдар түзүмүнүн аймактык директору Белен Санс менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан жана БУУ-Аялдар түзүмүнүн ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана келечектүү багыттарын талкуулашты.

Асеин Исаев белгилегендей, Кыргызстанда аялдар ар дайым мамлекеттин өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө олуттуу салым кошуп келишкен.

Ошондой эле Асеин Исаев бүгүнкү күндө кыргыз аялдары өлкөдөгү экономикалык жана саясий реформаларды ийгиликтүү ишке ашырууда маанилүү кыймылдаткыч күч болгонун белгиледи.