Кыргызстан жакырчылыкты жоюу боюнча глобалдык альянсты колдойт

Министрлер кабинети 05 Ноябрь 2025 12:24
690acb0ce79f8-thumb.jpg
690acb0d0c79f-thumb.jpg
690acb0d6a025-thumb.jpg
690acb0d17ea8-thumb.jpg
690acb0d545f4-thumb.jpg
690acb0dacff8-thumb.jpg
690acb0db76f8-thumb.jpg
690acb0dcd2e5-thumb.jpg
690acb0de91fe-thumb.jpg
690acb0e0bd4a-thumb.jpg
690acb0e3487b-thumb.jpg
Алдыга
Артка
690acb0ce79f8-thumb.jpg
690acb0d0c79f-thumb.jpg
690acb0d6a025-thumb.jpg
690acb0d17ea8-thumb.jpg
690acb0d545f4-thumb.jpg
690acb0dacff8-thumb.jpg
690acb0db76f8-thumb.jpg
690acb0dcd2e5-thumb.jpg
690acb0de91fe-thumb.jpg
690acb0e0bd4a-thumb.jpg
690acb0e3487b-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 05.11.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Катар мамлекетинин борбору Доха шаарында өтүп жаткан II Бүткүл дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммитинин ачылыш аземине катышты.

Кыргыз делегациясынын курамында билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев дагы ,бар.

Саммитке мамлекет жана өкмөт башчылары, эл аралык уюмдардын жетекчилери, жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү жакырчылыкты жоюу, ачкачылык менен күрөшүү жана социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу боюнча глобалдык аракеттерди талкуулоо үчүн чогулушту.

Ачылыш аземинде БУУнун Башкы ассамблеясынын төрагасы, Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы, кабыл алуучу өлкө катары Катар эмири, ошондой эле БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин төрагасы куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Өз сөзүндө Эдил Байсалов Кыргызстан Ачкачылыкты жана жакырчылыкты жоюу боюнча глобалдык альянстын максаттарын колдой турганын жана билим берүү, саламаттык сактоо жана калктын социалдык жактан коргоо тармагында масштабдуу реформаларды ырааттуу түрдө ишке ашырып жатканын белгиледи.

Саммиттин жыйынтыгында БУУга мүчө мамлекеттердин социалдык саясатты күчөтүү, билим берүүгө жана саламаттык сактоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, ошондой эле туруктуу өнүгүү үчүн ресурстарды мобилизациялоо боюнча жамааттык милдеттенмелерин чагылдырган Саясий декларацияны кабыл алуу пландаштырылууда.