Кыргызстан жакын арада "+В" рейтингдик деңгээлге жетет - Амангелдиев

Экономика Загрузка... 13 Февраль 2025 15:18
rejting.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Кыргызстан жакын арада "+В" рейтингдик деңгээлге жетет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Бишкекте өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде "- В" позициясын ээлеген, бул жөнөкөй сөз менен айтканда "-3" дегенди түшүндүрөт.

Азыр өлкө терс көрсөткүчтөн арылды. Учурда бизде "В" көрсөткүчү бар, жакын арада "+В" позициясын алууну каалайбыз", - деди ал.