Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек араларынын кесилишүү чекити жөнүндө келишим ратификацияланды

Президент Загрузка... 18 Июль 2025 11:01
kyrgyzstan-uuzbekistan-tadzhikistan-flagi-850x560.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 18.07.2025. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 31-мартында Хожент шаарында кол коюлган Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосундагы Үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилишүү чекити жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Бул мыйзамдын максаты “КР эл аралык келишимдери жөнүндө” жана “КР Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдарга ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Алсак, ушул Мыйзам менен 2025-жылдын 31-мартында Хожент шаарында кол коюлган Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан ортосундагы Үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилишүү чекити жөнүндө келишимди ратификациялоо сунушталат.