Кыргызстан Россиянын салык тармагындагы тажрыйбасын өздөштүрөт

Коом 10 июль 2025 10:32
517025199_1025359429769364_4355269023715095701_n.jpg
516100714_1025359326436041_842767060953850103_n.jpg
516938645_1025359203102720_2489190919255431774_n.jpg
518083990_1025359206436053_523121179040033594_n.jpg
518202282_1025359329769374_4272461301387453821_n.jpg
Алдыга
Артка
517025199_1025359429769364_4355269023715095701_n.jpg
516100714_1025359326436041_842767060953850103_n.jpg
516938645_1025359203102720_2489190919255431774_n.jpg
518083990_1025359206436053_523121179040033594_n.jpg
518202282_1025359329769374_4272461301387453821_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 10.07.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 8-9-июлунда Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында Россиянын Федералдык салык кызматынын жетекчиси Даниил Егоров менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө салыктык аналитика чөйрөсүндөгү санариптик чечимдерди өнүктүрүү боюнча биргелешкен программаларды ишке ашыруу тууралуу макулдашууларга жетишилди.

Ошондой эле эки өлкөнүн салык кызматынын башчылары өз ара тажрыйба алмашуу, салык органдарынын кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча макулдашышты.

Мындан тышкары, сапардын алкагында Салык кызматынын өкүлдөрү Россиянын Федералдык салык кызматынын ишмердүүлүгүндө колдонулуп жаткан санариптик чечимдер менен таанышышты.

Россиянын Федералдык салык кызматы жана Өнөр жай жана соода министрлиги колдонуп жаткан "Честный знак" товарларды маркалоо системасына өзгөчө көңүл бурулду. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде жана Россияда идентификация каражаттары менен маркалоо системасын натыйжалуу киргизүү жана бул системаны Кыргызстанда дагы өнүктүрүү маселелери каралды.