Кыргызстан-Россия: кызматташтыктын кыйыры - кыйынчылыкты жеңүүнүн чыйыры

Аналитика Загрузка... 01 Декабрь 2025 09:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кубаныч Жолдошев

Бардык материалдар

Бишкекте ЖККУ саммиттинин алкагында Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары жыйынтыкталды. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр стратегиялык өнөктөштүк жана ишенимдүү союздаштыкты тереңдетүүгө байланыштуу болду. Билим берүү, саламаттык сактоо, миграция, коопсуздук, экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташтык боюнча документтердин топтомуна кол коюлду.

Эки президент эмнеге канааттанды? Ишеним жана мамиле

Ошентип, Кыргызстан менен Россия бардык деңгээлде мамилени мындан ары карай дагы бекемдеп, мурдагыдан да чыңдай турганы белгилүү болду. Президент Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөр жылуу маанайда өткөнүн айтып, Россия Кыргызстан үчүн ишенимдүү өнөктөш жана дос мамлекет бойдон каларын бышыктады:.

“Биздин эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн келишимдик-укуктук база 400дөн ашуун документти ичине камтыйт. Мындай көп сандагы өкмөттөр аралык жана мекемелер аралык документтер, балким, башка эч кайсы мамлекет менен түзүлгөн эмес. Албетте, биз ал келишимдердин маанилүү натыйжасы катары союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө байланыштуу биргелешкен билдирүүнү эсептейбиз. Анда эки өлкөнүн ортосундагы негизги өз ара аракеттер белгиленген. Ошондой эле биздин эл аралык уюмдар жана интеграциялык бирикмелердеги салттуу тыгыз кызматташтыгы жогору бааланган. Эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги көптөгөн негизги маселелер боюнча бизде окшош мамиле жана көз караштар бар” – деди президент Садыр Жапаров.

IMG_3609.jpeg

Россиянын президенти Владимир Путин ЖКМ өкүлдөрүнө чыгып, биргелешкен билдирүү жасоо учурунда айрыкча бейформал жолугушууда өз ара пикир алмашуу жана түшүнүшүү абдан жогорку деңгээлде жүргөнүн, бул жагдайдын өз ара ишенимди бекемдөөдө мааниси чоң экенин канааттануу менен айтты. Ошол эле кезде Владимир Путин ички саясий туруктуулук байланыштарды чыңдоодо маанилүү роль ойной турганына токтолду.

“Биз канааттануу менен белгилеп кетебиз. Республика сиздин жетекчилигиңизде ички саясий жагынан алганда, туруктуу жана ишенимдүү өнөктөш болуп эсептелет. Бул биздин эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнүн негизги шарттарынын бири болуп саналат” - деди Путин.

Россия Кыргызстандын эң ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири. Өлкөнүн товар жүгүртүүсүнүн үчтөн бири Россияга туура келип, тышкы сооданын 22%ын түзөт. Былтыр сооданын көлөмү 4 миллиард долларга чыгып, тараптар аны жакынкы жылдары 5 миллиард долларга жеткирүүнү көздөй турганы белгиленди.

Бул үчүн ортодо пайда боло калган жасалма тоскоолдуктарды алып салып, техникалык шайкештикти камсыздоо тапшырмасы эки жактын тиешелүү мамлекеттик органдарына берилди.

Тыгындар, товарларды артка кайтаруунун себептери

Россиянын президенти Владимир Путин кийин Бишкектеги жыйынтыктоочу маалымат жыйынында Кыргызстандан барган товарлардын чек арадан кайра артка кайтарылып жатканына түшүндүрмө берди.

Муну Россия президенти соңку мезгилде өсүп кеткен “кара импорт” менен күрөштүн жыйынтыгы катары сыпаттады.

“Менин тапшырмамдын негизинде Бажы комитети - жана ЕАЭБ алкагында биздин бажы органдары мындай аракеттерди жүргүзүүгө укуктуу. Алар чек ара өткөрмө бекеттеринде жана жолдордо мына ушундай тандалма текшерүүлөрдү уюштура башташты. Натыйжада, бир кыйла көлөмдөгү товарлар, жүк ташуучу унаалар, фуралар Россия–Казакстан чек арасын таптакыр эч кандай документсиз кесип өтүп жаткандыгы аныкталган” - деп тактады Владимир Путин.

Анын айтымында, быйыл жыл соңуна чейин текшерүүлөрдүн натыйжасында келип чыккан оор жүк ташуучу унаалардын тыгындары азайып, андан ары эч кандай кезек күтүүлөр болбойт.

«Жөн гана тартип орнотуу керек. Азыр миңдеген фуралар текшерүүдөн өттү», - деди Владимир Путин.

Анын түшүндүрмөсүндө белгиленгендей, ар бир жүктүн кайсы алуучуга багытталып жатканы, бул товар менен Россиянын чек арасын кесип өтүп жаткан тарап канча бажы төлөмүн жана КНС (кошумча нарк салыгы) төлөшү керектиги такталышы шарт.

“Антпесе, Россия Федерациясынын бюджети миллиондогон эмес, он миллиондогон рубль жоготууга учурап жатат», — деп көйгөйгө көңүл бурду Россиянын президенти.

Казакстан-Россия чек арасында фуралардын чоң тыгыны быйыл сентябрда пайда болгон. 2025-жылдын үчүнчү кварталынын жыйынтыгы боюнча автоунаа аркылуу жүк ташуунун саны бир жыл ичинде 57%га азайганын Россиядагы эң чоң жүк ташуу биржасы ATI.SU берген маалыматтарды изилдегенин россиялык «Эксперт» басылмасы иликтеп жазып чыккан. Сурамжылоого алынган айрым аналитиктер бул жагдайды Казакстан тараптан да «кош максаттуу колдонууга» багытталган товарларды текшерүүнүн күчөтүлүшү жана чек арадагы узак кезектер менен байланыштырышкан.

Ал эми 24-октябрда Владимир Путин атайын буйрук чыгарган. Ага ылайык 10-декабрга чейин Казакстан менен Кыргызстандан бара жаткан жүктөрдүн ЕАЭБ аймагынан чыкканын тастыктоочу документтери толук болбосо да, товарларды киргизүүгө шарттуу түрдө уруксат берилди. Бирок чек арадан жүк өткөрүүгө бир катар талаптар коюлду. Айрыкча, жүк ташуучу компаниялардын алуучунун алдын-ала маалымдамасы болушу керектиги, анда алуучу тарап товарды мыйзам чегинде декларациялоого милдеттенет. Мындан тышкары, товар убактылуу сактоо кампаларына жөнөтүлүшү зарыл. Мына ушундай коюлган жаңы талаптар менен шарттар аткарылган соң гана товарлар тоскоолдуксуз өткөрүлө турганы эскертилген.

ЕАЭБ пайдасы, Россия-Кыргыз фондунун колдоосу

Анткен менен Россиянын Кыргызстанга түз инвестициялары өткөн жылдын алты айында 110 миллион АКШ долларын түздү. Ал Кыргызстанда иштеген толук россиялык же биргелешкен компаниялардын саны 1800дөн ашты. Бул өлкөдөгү бардык чет элдик компаниялардын үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Владимир Путин ЕАЭБ кыргыз тарапка чоң пайда келтиргенин жана биргелешкен россиялык өнүктүрүү фондунун кыргыз экономикасына таасирин мисал келтирди.

“Евразиялык интеграциянын өнүгүшү бирикмеге мүчө болгон бардык мамлекеттерге, албетте, Кыргызстандын өзүнө да талашсыз пайда алып келүүдө. Мисалы, республика Евразиялык экономикалык биримдикке кошулгандан берки он жылдын ичинде анын ИДПсы эки жарым эсеге өстү. Евразия биримдигине мүчө башка мамлекеттерге болгон экспорттун көлөмү төрт эсеге көбөйдү. Россия эки тараптуу өнүктүрүү фондун каржылоодо. Аталган фонд аркылуу Кыргызстанда экономиканын реалдуу секторундагы 3500дөн ашык биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга болжол менен бир миллиард долларга жакын каражат салынды”- деген салыштыруусун айтты президент В.В Путин.

Энергетика: күйүүчү май, газ, жылуулук жана энергия кайдан?

Президент Владимир Путин Россия Кыргызстандын энергетика тармагын көп жылдан бери колдоп келе жатканын айтып, анын стратегиялык маанисин чечмелеп отуруунун кажети жок экенин ишарат кылды. Ал Россия жаңы ЖЭБ жана АЭС куруу сыяктуу ири долбоорлорго инвестиция саларын убадалады.

“Россия-Кыргызстан кызматташтыгынын эң маанилүү тармактарынын бири – энергетика. Биздин өлкө Кыргызстанды бензин жана дизель менен толук камсыздайт. Мунун өзгөчөлүгү – бул күйүүчү майлар жеңилдетилген шарттарда, экспорттук бажы төлөмүсүз берилип, республика үчүн түз экономикалык пайда алып келүүдө. «Газпром» Кыргызстанга табигый газ жеткирүү менен катар, өлкөнүн аймактарын газдаштыруу программасын ишке ашырууга да катышууда. Бул максатта россиялык концерн 400 миллион доллардан ашык каражат бөлүп, анын аркасында өлкөнү газ менен камсыздоо 42 пайызга чейин жетти. Бул иш мындан ары да улантылат. Россия кыргызстандык керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен да камсыздап келет. Биздин компаниялар Кыргызстандын дарыяларындагы гидроэлектр станцияларды долбоорлоо жана жаңылоого катышууда. Ысык-Көл облусунда биргелешип ири күн электростанциясын куруу пландалууда, ал эми Кыргызстандын түндүк бөлүгүндө жаңы заманбап ЖЭБ (Жылуулук электр борборун) салуу көздөлүүдө” – дейт Владимир Путин

Бул ирет Владимир Путинди Бишкеке ички иштер, транспорт, экономика, энергетика министрлери, андан башка “Росатом” корпорациясынын башчысы, ошондой эле эл аралык деңгээлдеги ири олигарх-ишкерлер Роман Абрамович, Муса Бажаев жана Петр Фрадков курамына кирген чоң россиялык делегация коштоп келди. Мындай чоң деңгээлдеги делегация соңку жаңы тарыхта болбогонун айткан мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов бул сүйлөшүүлөрдөн майнап чыгарына ишенет.

“Белгилүү бизнесмендер, бир катар чечүүчү кызматтагы өкмөттүн мүчөлөрү келгени эки тараптуу сүйлөшүүлөр үчүн абдан жакшы жана жагымдуу көрүнүш. Өзгөчө мага жаккан эки нерсе болду. Анткени олигархтар мурун чогуу келчү эмес. Бул жолу мына ошол ири ишкерлерди ээрчитип келгени чоң көрсөткүч. Алар Кыргызстанга аябагандай чоң ири өлчөмдө акча каражат инвестиция салышы мүмкүн. Алар келгенде майда-чүйдө инвестиция жасашпайт. Алар адатта абдан чоң жана олутуу долбоорлор менен иш алып барышат.” – деди мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов.

Кыргыз тарап өз кезегинде Кыргызстандын рыногун изилдеп, иш алып барууга кызыккан россиялык ишкерлерди ар дайым кубаттай турганын жана алардын ийгиликтүү ишкердиги үчүн зарыл шарттарды түзүүгө даяр экенин билдирди. Кызматташтыкка дем берүү үчүн россиялык инвесторлор ассоциациясын түзүү боюнча демилгеси колдоо тапты.

Машыгуулардын маалы...

Экинчи күнү ЖККУ жыйыны башталып, ага мүчө мамлекет башчыларынын катышуусунда саммиттин күн тартиби каралды. Уюмга быйыл Кыргызстан төрагалык кылып, мамлекет башчыларынын катышуусунда быйылкы жыл жыйынтыгы чыгарылды. Жамааттык коопсуздукту чыңдоо чаралары кандайча аткарылганы тууралуу отчеттук маалыматтар айтылды.

ЖККУ алкагында «Өз ара аракеттенүү–2025» аскердик машыгуулары, атайын чалгын кызматтарынын «Издөө–2025» машыгуусу, ошондой эле Беларуста материалдык-техникалык камсыздоо боюнча «Эшелон–2025» машыгуусу, Кыргызстанда «Чек ара–2025» командалык-штабдык машыгуулары өткөрүлдү, ал эми Тажикстанда «Урагыс бир туугандык–2025» жана ЖККУнун радиациялык-химиялык коргонуу жана медициналык камсыздоо бөлүктөрү менен «Тосмо–2025» атайын машыгуусу жогорку деңгээлде жана кынтыксыз өткөнү жарыяланды.

“Бул жана башка иш-чаралар мүчө-мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн өз ара аракеттеринин макулдашуусун ийгиликтүү камсыздап, алардын койгон милдеттерди аткарууга даярдыгын жогорулатты. Террордук жана экстремисттик максаттарда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдаланууну аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу маселелери боюнча ЖККУга мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ыкчам өз ара аракеттенүүсү улантылды. Жалпысынан айтканда, уюмдун 2025-жылга пландаштырылган иш-чаралары ийгиликтүү жүзөгө ашырылды деп белгилөөгө болот” – деди ЖККУга төрагалык кылган президент Садыр Жапаров.

Оор сыноолордон өткөн орус куралы

Ал эми президент Владимир Путин азыркы учурдагы геосаясий чыңалууну эске алуу менен өз ара өнөктөштүктү жана жамааттык кызыкчылыкты коргоо маанилүү экенин белгиледи. Ал өз сөзүндө ЖККУ мүчөлөрүн россиялык үлгүдөгү реалдуу согуштук аракеттерде сыналган заманбап курал-жарактар менен жабдуу үчүн жаңы макулдашууга жетишүүнү сунуштады.

“Биз жамааттык күчтөрдү Россииянын заманбап курал-жарактары жана техникасы менен жабдуу боюнча ири масштабдуу программаны ишке ашырууну сунуштайбыз. Бул куралдар жана аскер техникасы реалдуу согушта өзүнүн жогорку натыйжалуулугун далилдеген. Мына ушул нукта биз аскер бөлүктөрүн жана атайын кызматтардын түзүмдөрүн даярдоого багытталган бир катар биргелешкен иш-чараларды уюштурууну мерчемдеп жатабыз” – деген сунушун киргизди Россиянын президенти В.В. Путин.

Уюмдун эл аралык беделин бекемдөө жана тышкы саясий багытта жалпы координацияны кеңейтүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлгөнү белгиленди. Аскердик, аскердик-экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташтык тармактарында уюмга мүчө мамлекеттер ортосунда практикалык чаралар ишке ашырылганы белгиленип, келе жаткан жылга пландар бекитилди. Жалпы берилген отчет жактырылып, ЖККУ төрагалыгы Кыргызстандан Россияга өткөрүлүп берилди. ЖККУнун баш катчысы Тасмаганбетов мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кызматын тапшырып, анын ордуна кыргызстандык Таалатбек Масадыков дайындалды.