Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын президентинин алдында виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш түзүлдү. Ушул эле күнү дүйнөдөгү эң ири криптовалюта биржасы болгон Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаарына келди. Бул окуяларга байланыштуу "Кабар" маалымат агенттигине криптоинвестор, криптовалюта боюнча эксперт Таласбек Акылбеков маек берди.
Анын айтымында, Дубай 2022-жылы виртуалдык активдер тууралуу мыйзам кабыл алган соң, бүгүнкү күндө дүйнөлүк деңгээлде криптоинвесторлор агылган санариптик валюталардын глобалдык борборуна айланууда. Ошондой эле АКШ президенти Дональд Трамп быйыл январь айында Америка Кошмо Штаттарын дүйнөлүк криптоиндустрия борборуна айлантуу боюнча жарлыкка кол койгон. Криптоэксперттин пикиринде, Садыр Жапаровдун мындай прогрессивдүү саясаты - Кыргызстан Дубай жана АКШдан кийин үчүнчү санариптик валюта борбору боло аларынын чоң чакырыгы.
– Таласбек Самаркулович, өлкөдө виртуалдык активдер жана блокчейн- технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин түзүлүшү эмнеден кабар берет?
– Бул Кыргызстанда криптоиндустрияны өнүктүрүү боюнча оң багытта иштер жүрүп жатканын көрсөтөт. Мен апрель айынын аягында Москвада өткөн эл аралык криптофорумда болдум. Ал жерде дүйнөдөгү эң ири трейдерлер, криптоинвесторлор чогулуп, Кыргызстандагы криптовалютанын өнүгүү багыттарын эки саат бою талкуулашты. Ал жерде биздин өлкөдөгү виртуалдык активдер боюнча мыйзамдар КМШ аймагындагы эң мыкты мыйзамдар экендиги айтылды. Эскерте кетсем, 2022-жылга чейин мындай мыйзам жок болгондуктан, бул тармактагы ири оюнчулар бизге келчү эмес. Бирок, биздин президентибиз Садыр Жапаровдун жана анын командасынын көрөгөчтүгүнүн аркасында криптовалюталар боюнча активдүү мамлекеттик саясат жүрүп, өлкөбүз заман талаптары менен тең ата бара жатканын билдирет. Азыр Дубай санариптик валюта борборуна айланып, ал жакка дүйнөлүк алдыңкы оюнчулар барууда. Дональд Трамп да АКШны ошондой борборго айлантарын жарыялады. Ошол эле учурда биздин мамлекеттин жетекчилиги тарабынан мындай кадамдардын жасалышы – Кыргызстан Дубай жана АКШдан кийинки үчүнчү санариптик валюта борбору боло аларын айгинелейт. Учурда Кыргызстан постсоветтик мейкиндикте бул жаатта алдыда жана региондогу криптовалютар борбору болуп калды. Бизге Россиядан жана жакынкы чет өлкөлөрдөн криптокомпаниялар келип, катталып жатышат. Себеби, Кыргызстанда бул тармак боюнча эң мыкты мыйзамдар бар.

– Бул тууралуу өлкө президенти Кыргызстанга келген дүйнөдөгү эң ири Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен жолугушууда белгиледи. Президенттин айтымында, "тараптардын биргелешкен аракети Кыргызстанды жана жалпы аймакты санариптик өзгөрүүлөрдүн борборуна айлантат".
– Дагы бир ирет баса белгилей кетсем, бул тууралуу Москвада өткөн эл аралык криптофорумда да айтылган. Өлкө жетекчилигинин мындай кадамдары барстын секириги – башкача айтканда, экономикалык өнүгүүнүн жаңы стратегиялык моделине өтүүнү көрсөтүп турат. Кыргызстан 2030-жылга чейин экономикалык жактан өнүккөн өлкөгө айланат деп ишенимдүү айта алабыз. Анткени, өлкөбүздө криптоиндустриянын өнүгүшү инвестиция тартууга жана экономикалык өсүшкө чоң түрткү берет.
Белгилей кетсем, бизде улуттук валютанын санарип түрү болгон санарип сом тууралуу мыйзам кабыл алынган. Бул криптовалюталар дүйнөсү биздин рынокко ийгиликтүү киргенин жана бул келечектин эмес, азыркы учурдун иши экенин көрсөтүп турат. Мындай шартта убакыттын агымы менен бирге жүрбөгөн адамдар көп мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарышат.
– Садыр Жапаров менен Чанпэн Чжаонун жолугушуусунда санариптик коркунучтар маселеси да талкууланды. Мисалы, жарандар арасында тийиштүү санарип технологияларын колдонуу боюнча билимдин жоктугунан алар шылуундардын торуна түшүп калуусу мүмкүн.
– Бул көңүл бурууну талап кылган абдан актуалдуу маселе. Бул рынокто жарандардын билимсиздигинен пайдаланып кеткен көптөгөн шылуундар бар. Бирок маалым болгондой, Чанпэн Чжао биздин адистерге, мамлекеттик кызматкерлерге киберкоопсуздук боюнча кеңеш берүүгө даяр экенин билдирди. Мындан тышкары, бул багытта кесипкөйлөрдү даярдоого багытталган билим берүү программалары ишке ашырылмакчы.