Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Кыргызстан өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү темпи боюнча ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ичинен алдыга чыкты. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын баяндамасында айтылат.
Маалыматта айтылгандай, Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү 2023-жылга салыштырмалуу 5,5% өстү.
Мисалы, Беларусь Республикасынада бул көрсөткүч 5,4%, Арменияда – 4,7%, Россияда – 4,6%, ал эми Казакстанда – 2,7% гана өскөн.
Мында Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн түзүмүндөгү эң чоң өсүш суу менен камсыздоодо (таштандыларды чогултууну көзөмөлдөөнү кошкондо) – 17,7%га жана электр энергиясы менен камсыздоодо – 15,8%га (ошондой эле газ менен камсыздоо жана кондициялоо) болгон. Кайра иштетүү өнөр жайы 4,4%, тоо-кен өнөр жайы 4% өскөн.