Ташкент, 28.03.25. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Дүйшөнкул Чотонов Өзбекстандын Илимдер академиясынын Тарых институтунун директору, академик Азамат Зиё менен жолугуп, эки өлкөнүн илимпоздорунун тарыхты изилдөөдөгү кызматташтыгын талкуулашты, деп билдирет Ташкенттеги кыргыз дипмиссиясынын басма сөз кызматы.
Баарлашуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин учурдагы деңгээлин жогору баалап, эки өлкөнүн илимий жана маданий институттарынын ортосундагы байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө өз ара кызыкдар экендиктери айтылды.
Окумуштуулардын, айрыкча тарыхчылардын ортосунда, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу үчүн түз байланыштарды орнотуунун зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.
Кызматташтыкты жандандыруу максатында тараптар төмөнкү негизги багыттар боюнча биргелешип иштөөнү макулдашышты:
- Кыргызстандын Илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институту менен Өзбекстандын Илимдер академиясынын Тарых институтунун ортосунда тийиштүү максаттарга багытталган келишимге кол коюу менен ырааттуу жана системалуу илимий байланыштарды түзүү;
- эки өлкөнүн фонддорунда, китепканаларында жана архивдеринде сакталган булактарды натыйжалуу пайдалануу;
- кыргыз-өзбек биргелешкен изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу;
- эки жана көп тараптуу илимий конференцияларды биргелешип өткөрүү;
- эки өлкөнүн жаш тарыхчылары үчүн жайкы мектептерди уюштуруу;
- илимий журналдарда макалаларды жарыялоо, илимий басылмалар менен алмашуу.
Тараптар достук байланыштарды мындан ары бекемдөөгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришип, белгиленген пландарды ишке ашыруу үчүн үзгүлтүксүз байланышта болууну сүйлөшүштү.