Акыркы коңгуроо майрамы — ар бир бүтүрүүчү үчүн эң маанилүү жана унутулгус күн. Аты айтып тургандай, бул күнү мектеп коңгуроосу алар үчүн акыркы жолу кагылат. Бул майрам ар бир бүтүрүүчүнүн жүрөгүндө толкундануу жаратып, бирде күлдүрүп, бирде көзгө жаш алдырганы менен ар бир окуучунун эсинде өмүр бою сакталат.
Тарых барактарынан: акыркы коңгуроонун келип чыгышы
Постсоветтик өлкөлөрдөгү акыркы коңгуроо салтанатынын тарыхы өткөн кылымдын кыркынчы жылдарына барып такалат. Бул күндү белгилөө демилгеси Антон Макаренконун балдар коллективин уюштуруу идеясынын колдоочусу - СССРдин эмгек сиңирген мугалими, педагог Федор Брюховецкийге таандык. 1948-жылдын 25-майында Москванын №182 жана Краснодар аймагынын №12 мектептеринде (директору Федор Брюховецкий болгон) алгачкы жолу акыркы коңгуроо майрамы белгиленген. Бирок, ал убакта бул майрам азыркыдай шаңдуу майрамдалбастан, бүтүрүүчүлөр бак отургузуп, биринчи класстар аларга өздөрү жасаган кол буюмдарын белек кылышкан. Ал эми бул аземдин урматына карата жасалган кошумча жөрөлгөлөр кийинчерээк кошулган.
Майрамдын расмий макамга ээ болушу
Мына ушундан кийин айрым жерлерде акыркы коңгуроо иш-чарасы өткөрүлүп, бирок милдеттүү түрдө эмес болчу. 1971-жылы СССРдин Агартуу министрлиги муну расмий майрамдардын катарына киргизгенден кийин, масштабдуу түрдө белгиленип баштаган. Бара-бара бул окуучулардын дагы, мугалимдердин дагы сүйүктүү майрамына айланган. Азыр мектепти бул салтанаттуу аземсиз элестетүү мүмкүн эмес.
Ал эми 1990-жылдары ал дагы да күчүнө кирип, бүгүнкү күндө шаан-шөкөтү да көбөйгөн. Бул күнү бүтүрүүчүлөр үчүн атайын концерттер уюштурулуп, куттуктоолор айтылып, коңгуроо кагылып, салтанаттуу вальс бийленип, эстеликке сүрөткө түшүү, шар, көгүчкөн учуруу деген сыяктуу жөрөлгөлөр менен коштолуп келет. Постсоветтик өлкөлөрдүн катарында биздин өлкөдө дагы бул майрам кызуу майрамдалат.

Бул майрамды кызыктуу белгилеген өлкөлөр
Мектеп менен коштошуу аземи Америкада 1920-жылдары белгиленип баштап, ал убакта бүтүрүүчүлөр көп күндүк жөө жүрүшкө чыгышканы айтылат. Бүгүнкү күндө болсо, ар мектеп өз салттарына жараша белгилейт.

Ал эми азыркы учурга токтоло турган болсок, бул майрамды белгилөөнүн жолдору ар кандай жана арасында өтө кызыктуулары да жок эмес. Мисалы, Норвегияда акыркы окуу жумаларында бүтүрүүчүлөр кызыл же көк түстөгү комбинезон кийип жүрүшөт. Шаарларда бүтүрүүчүлөрдүн салтанаттуу параддары өтөт. Улан кыздар бири-бирине негизги көчө менен төрт аяктап сойлоп өтүү сыяктуу тапшырмаларды беришет. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн урматына атайын «карточкалар» даярдалып, аларды кичүү класстын окуучулары чогултушат.

Кытайда бүтүрүүчүлөр эркиндик менен көңүл ачышат. Мисалы, бул күнү мектептин терезелеринен дептерлерди, ручкаларды, сызгычтарды жана карандаштарды ыргытып, сындырып, тебелөөгө уруксат берилет. Бирок андан кийин бул нерселерди кайра өздөрү тазалап, жыйнап кетүүгө милдеттүү.

Аргентинада бүтүрүүчүлөр эски кийимдерди кийип алышып, бири-бирине кетчуп, йогурт жана ар түрдүү соустарды баллон менен чачышат. Бул өлкө дүйнөдөгү эң карнавалдуу өлкөлөрдүн бири болгондугу үчүн аталган салт кубаныч тартуулайт деп эсептелинет.

Ал эми Малайзияда акыркы коңгуроо майрамы индиялык Холи фестивалын эске салат. Анда мектепти бүтүрүп жаткан жаштар бири-бирине түстүү боёкторду чачышат. Ар бир бүтүрүүчүнүн негизги максаты — кечтин аягына чейин мүмкүн болушунча ачык, түркүн түстүү болуп калуу. Малайзияда мындай боёктордун ичиндеги түстүү майда гранулалар жакшылыктын, батанын белгиси деп эсептелет. Денеде канча көп «так» калса — жашоодо ошончолук ийгилик болот деген ишеним бар.