Кыргызстан менен Япония соода-экономикалык байланышты арттырат

Экономика Загрузка... 12 Декабрь 2025 10:31
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 12.12.25. /Кабар/. Күн мурун экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюичи менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр Бакыт Сыдыков Хирано Рюичини элчилик кызматка дайындалышы менен куттуктап, Япония Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин, аны менен достук жана ишенимдүү мамилелер түзүлгөнүн баса белгиледи.

Тараптар соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулап, инвесторлордун жана ишкер чөйрөлөрдүн иши үчүн шарттарды түзө турган чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн, анын ичинде экономикалык кызматташтыктын келишимдик-укуктук базасын өнүктүрүү жана эки тараптуу кызматташтык механизмин түзүү маселесин белгилешти.

Ошондой эле Экономика министрлиги JICAнын колдоосу менен ишке ашырып жаткан "Бир айыл - бир продукт" долбоорун жана анын андан аркы өнүгүү жана ишке ашыруу багыттарын талкуулашты.