Кыргызстан менен Япония ишке орноштуруу жана социалдык демилгелер боюнча кызматташтыкты кеңейтүүдө

Тышкы саясат 9389 27 Май 2025 17:52
499424778_1143745711128434_7252456011526072556_n.jpg
499482598_1143745577795114_6715058293502918917_n.jpg
Алдыга
Артка
499424778_1143745711128434_7252456011526072556_n.jpg
499482598_1143745577795114_6715058293502918917_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 27.05.25. /Кабар/. Бүгүн, 27-майда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Япониянын IM Japan президенти Канамори Хитоши баштаган япон делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстандын жарандарынын Японияда уюшкан түрдө ишке орношуу маселеси боюнча кызматташууну кеңейтүү болду.

Кыргыз тарап Япониянын эмгек рыногунун талаптарына ылайык квалификациялуу кадрларды даярдоого даяр экенин билдирди. Айрыкча, Японияда талап кылынган IT адис, тейлөө, социалдык кызматтар жана жумушчу адистиктер, анын ичинде ширетүүчүлөр багытында даярдоого өзгөчө көңүл бурулууда.

Тараптар болочоктогу эмгек мигранттарды кесиптик жана тилдик жактан комплекстүү даярдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

«Биз жарандарыбыздын чет өлкөдөгү эмгек укуктарын коргоого чоң маани беребиз. Кыргыз адистери жумуш менен гана чектелбестен, камсыздандыруу системасына, укуктук колдоого жана мамлекеттик түзүмдөр менен туруктуу байланыш каналдарына да ээ болушу абзел,» — деп белгиледи Сабиров.

Бул кызматташуу эмгек миграциясынын ачык-айкын жана натыйжалуу системасын түзүүгө багытталган. Ал эки өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп, кыргызстандыктарга кесиптик жактан өсүү жана жашоо сапатын жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.