Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити менен анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясына дайындалышына байланыштуу жолукту.
Эдил Байсалов Хирано Рюитини кызматка киришүүсү менен куттуктап, кыргыз-япон мамилелеринин туруктуу өнүгүүсүн белгилеп, “Борбор Азия+Япония” диалогунун мамлекет башчыларынын Биринчи саммити ийгиликтүү өткөнүн кошумчалады.
Жолугушууда активдүү саясий диалогдун маанилүүлүгү, ошондой эле Кыргызстандын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүүсүндөгү, анын ичинде JICA долбоорлорун ишке ашыруудагы Япониянын ролу белгиленди.
Тараптар эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнү, анын ичинде инвестиция, салык, маданий-гуманитардык жана туризм тармагындагы байланыштарды талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүү боюнча өз ара милдеттенмелер айтылды.