Кыргызстан менен Улуу Британиянын экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Министрлер кабинети 21 Ноябрь 2025 14:27
69201a3859ccb (1).jpeg
69201a3e4f273.jpeg
69201a42baf05.jpeg
69201a4d5b69c.jpeg
Алдыга
Артка
69201a3859ccb (1).jpeg
69201a3e4f273.jpeg
69201a42baf05.jpeg
69201a4d5b69c.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулерди кабыл алды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттарын, анын ичинде соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, инвестициялык өз ара аракеттенүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого жана туруктуу өнүгүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экендиктерин билдиришти.