Кыргызстан менен Улуу Британия критикалык минералдар боюнча меморандумга кол койду

Министрлер кабинети Загрузка... 04 Декабрь 2025 16:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Кыргызстан президентинин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Нурбек Ташбеков баштаган Кыргызстандын расмий делегациясынын Улуу Британиянын Европа, Түндүк Америка жана деңиздеги аймактар боюнча мамлекеттик министри Стивен Даути менен эки тараптуу жолугушуусу өттү.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуу кыргыз делегациясынын Улуу Британияга (Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу) болгон иш сапарынын алкагында орун алды.

Сапар Лондондогу жыл сайын өтүүчү Тоо-кен жумалыгынын алкагында "Эртеңки күндүн ресурстары 2025" форумуна катышуу максатында болду. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-британ кызматташтыгынын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин, өз ара инвестицияларды кеңейтүүнү, ошондой эле ишкердик байланыштарды чыңдоону жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүнү талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын министрлер кабинети менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгынын кмөтүнүн ортосунда критикалык маанилүү минералдар боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документ геологиялык изилдөөлөр, жогорку экологиялык, социалдык жана башкаруу стандарттарын киргизүү, ишкердик байланыштарды өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташууну карайт.

Меморандумга кол коюу кыргыз-британ мамилелерин тереңдетүү үчүн жаңы платформа түзөт, экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүүгө көмөктөшөт жана инвестицияларды тартуу жана критикалык маанилүү минералдар тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.