Кыргызстан менен Түркия курулуш тармагындагы кызматташууну кеңейтет

Коом 485 29 Январь 2026 08:55
2.jpg
1.jpg
622421467_1400194554912923_434903898111443861_n.jpg
623250145_1400194498246262_9157371559514680947_n.jpg
623260059_1400194524912926_820054400411347928_n.jpg
623268507_1400194468246265_2373224053153853076_n.jpg
623737333_1400194518246260_5623816303713585599_n.jpg
624391132_1400194428246269_5750372583532961581_n.jpg
624762884_1400194478246264_1439629912950390389_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Күн мурун курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемаль Өкем менен жолукту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы көп кылымдык достук мамилелер белгиленип, курулуш тармагында тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Министр Нурдан Орунтаев кыргыз тарап турак жай жана инфраструктуралык курулушту өнүктүрүүгө, ошондой эле жогорку сейсмикалык активдүүлүктү эске алуу менен объектилерди сейсмикалык жактан туруктуу долбоорлоо жана куруу багытында кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Өз кезегинде Түркиянын элчиси түрк тарап эки тараптуу кызматташууну чыңдоого, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдар менен ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.