Кыргызстан менен Тажикстан президенттери тет-а-тет форматында жолугушту

Президент 1372 08 Июль 2025 12:55
518201999_1277755881025710_2356232603317230008_n.jpg
DOS_9271.jpg
516789922_1277755891025709_7110844675743831988_n.jpg
Алдыга
Артка
518201999_1277755881025710_2356232603317230008_n.jpg
DOS_9271.jpg
516789922_1277755891025709_7110844675743831988_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-июлда Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен тет-а-тет форматында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптар эки жактуу өз ара аракеттенүүнүн кеңири чөйрөсү боюнча актуалдуу маселелерди, анын ичинде айрым райондордо социалдык инфраструктураны өнүктүрүү жана көп тараптуу аянтчаларда кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашты. Чек ара аймактарынын тургундары үчүн кызыкчылык туудурган маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Президент Эмомали Рахмон президент Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, жолугушуунун өтүп жатканына канааттануу билдирди. Ал кыргыз-тажик мамилелери өнүгүү жолунда экенин белгилеп, мамлекеттик чек араны делимитациялоо процессинин ийгиликтүү аяктаганын жана аны демаркациялоо боюнча иштердин активдүү жүрүп жатканын баса көрсөттү.

Тажикстандын лидери эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштардын динамикалуу өнүгүшүн да белгиледи. Ал коопсуздук тармагында тыгыз кызматташуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, кыргызстандык кесиптеши менен эки тараптуу өнөктөштүктүн учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле актуалдуу эл аралык жана регионалдык маселелерди талкуулоого даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Тажикстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакыруу жана боордош тажик элинин жылуу, меймандос тосуп алуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессинин аякташы эки өлкөнүн гана эмес, бүтүндөй региондун коопсуздугун жана туруктуулугун бекемдөөчү маанилүү кадам болгонун өзгөчө белгиледи.

Мамлекет башчысы калган тилкелерди демаркациялоо процесси жакынкы аралыкта макулдашылган графикке ылайык аяктайт деген ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров жүрүшүндө тараптар бардык актуалдуу маселелерди талкуулап, кыргыз-тажик кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын аныктай турган мазмундуу жана конструктивдүү сүйлөшүүлөргө ишеним артарын баса белгиледи.

Тет-а-тет форматындагы жолугушуудан кийин Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон сүйлөшүүлөрдү кеңейтилген форматта улантышат.